Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Талас облусуМанас району 24.07.2017 13:23 Жаңыланды: 15.12.2017 11:10

Айыл турмушу: Манастык М.Кылычбаев таза кандуу, 15 миң долларлык жылкыларды багат (фото)

Turmush -  Манас районунун Арал айылынын 51 жаштагы тургуну Миталип Кылычбаев 15 миң долларлык таза кандуу жылкыларды багат. Аймактык кабарчы жылкычы менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, кичинесинен эле жылкы багып, ат чаап чоңойгон.

«Өзүм 1995-жылдан бери совхоздон алган таза кандуу тайды таптап, 3 жашынан баштап байгеге чаап, жалаң алдыңкы орундарды алып жүрдүм. Кийин ал картайган маалда 2004-жылы казактар тукум алабыз деп, 2000 долларга сатып кетишкен. Азыркы асыл тукум жылкыларымды алгач 1000 долларга сатып алып көбөйткөм. Азыркы учурда 10 баштан ашык асыл тукум бээ жана кулундар бар. Бээлерди жаз алды менен саап, сүтүн өзүбүз ичип, артканын кулундарына беребиз. Буларга 4 маал чөп, 1 маал жем беребиз. Чөп менен жемдер өзүбүздөн чыгат. Көбүнчө казактар келип алып кетүүдө. Учурда жылкылардын баасы 15 миң долларды түзөт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×