Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Талас

Видео — Таластагы чек арадагы абал: Адамдар 5 күндөн бери өтө албай жатышат

Turmush -  Талас облусунун Манас районундагы кыргыз-казак чек арасынын «Чоң-Капка» өткөрүү пунктунда адамдар 5 күндөн бери өтө албай турат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Чек арада кармалып тургандардын айтымында, жалпысынан жүк ташуучу 120-150 унаа жана 20дан ашуун жеңил унаалар өтө албай турат. Күтүп тургандардын арасында кош бойлуу аялдар, кары-картаңдар да бар. Бирок айласыздан ошол жерде күн кечиришүүдө.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, Кыргызстан тараптан эч кандай тоскоолдук болгон жок. Казак тарап жүктөрдү, адамдарды тыкыр текшерүүгө алгандыктан жарандар өтө албай убара болууда.

Чек ара пунктунун аймагында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан чатырлар тигилип, уктоочу, тамактануучу жана медициналык жардам көрсөтүүчү шарттар түзүлдү.

КПП Чон Капка

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3656
Көп окулду
×