Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Талас облусуМанас району 19.10.2017 12:20 На русском

Таластагы чек арада турган чоң унаалардын саны 137ге жетти

Turmush -  Манас районундагы кыргыз-казак чек арасындагы «Чоң-Капка» өткөрмө пунктунда кезек күтүп турган оор жүк ташуучу унаалардын саны 137ге жетти. Бул тууралуу чек арада кармалып тургандар билдиришти.

Маалыматка караганда, алардын арасында 10-октябрдан бери тургандар бар. Кечээ оор жүк ташыган 3 унаа жана 87 адам гана кылдат текшерилгенден кийин Тараз шаары тарапка өтүштү. Учурда ӨКМ тарабынан кезек күткөн айдоочуларга жана адамдарга жылынуу үчүн 3 чатыр тигилди. Алардын биринде жүргүнчүлөр жана айдоочулар тамактанса, биринде керебеттер коюлган. Үчүнчүсүндө медициналык жардам көрсөтүү үчүн дары-дармектер турат. Кечээ чатырдын ичин жылытуу үчүн меш коюлду.

Манас райондук администрациясы райондогу 5 айыл өкмөттүн башчыларына кезек менен чек арадагы адамдарга тамак бышырып берүүнү тапшырган. Ошондуктан күн сайын айыл өкмөт башчылары узун кезекте турган адамдарга ысык тамак жеткирүүдө.

Кызыл Ай коому дагы чек арада турган айдоочуларга тез даярдалуучу тамактарды, жылуу төшөктөрдү жеткирип беришти.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 17-октябрда аймактык кабарчы Талас облусунун Манас районундагы кыргыз-казак чек арасынын «Чоң-Капка» өткөрүү пунктунда адамдар 5 күндөн бери өтө албай тургандыгын кабарлаган.

Чек арада кармалып тургандар жалпысынан жүк ташуучу 120-150 унаа жана 20дан ашуун жеңил унаалар өтө албай тургандыгын айтышкан. Күтүп тургандардын арасында кош бойлуу аялдар, кары-картаңдар да бар болчу. Бирок айласыздан ошол жерде күн кечиришүүдө.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, Кыргызстан тараптан эч кандай тоскоолдук болгон жок. Казак тарап жүктөрдү, адамдарды тыкыр текшерүүгө алгандыктан жарандар өтө албай убара болууда.

Чек ара пунктунун аймагында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан чатырлар тигилип, уктоочу, тамактануучу жана медициналык жардам көрсөтүүчү шарттар түзүлдү

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×