Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Талас

Кыргыз-казак чек арасында кезекте турган айдоочуларга таластыктар мал союп, тамак жасап беришти (фото)

Turmush -  Казакстан менен чектешкен «Чоң Капка» өткөрүү пунктунда кезекте турган сапарман-айдоочуларды Талас облусунун Манас районундагы чек арага жакын жайгашкан Кеңеш айылынын тургундары акысыз тамак аш менен камсыз кылышты.

Аталган акциянын демилгечилеринин бири Дүйшөн Оторбековдун айтымында, жүк ташуучу унаалардын кезеги Кеңеш айылына чейин жеткен. Ошол убакта унаалардын саны 150гө чукул болгон.

«Ушул 3-4 күндүн ичинде абдан кыйналдык. Өзгөчө Европа өлкөлөрүнүн айдоочулары кыйналышты. Мен өзүмдүн Төө-Ашуу өтмөгүндө кышында калган учурумду эстеп, Кеңеш айылындагы айдоочуларга бул идеяны сунуштадым. Алар дароо колдоого алышты. Биринчи күнү барына тамак аш тараттык. Экинчи күнү майда мал жандык союп, суу, лимонад сатып алып, плов жасап, чай кайнаттык. Кезек күтүп турган айдоочулар өздөрү келишти, ал эми өткөрүү пунктуна жакындап калган айдоочуларга тамак жеткирип бердик», - деди ал.

Түшкү тамакты Гүлжан Шабданбекованын үйүндө жасашкан. Анын жолдошу да бир убактарда жүк ташуучу унаа айдачу. Эми уулу атасынын жолун жолдоп, «КамАЗ» унаасын айдайт. Анын да үй-бүлөсү бул демилгени колдоп, идиш аяктарын берип, тамак жасоого көмөктөштү.

Ал эми кезекте турган айдоочулардын атынан сербиялык айдоочу Ненад Гладич, белоруссиялык Анатолий Бедаш, россиялык тажик Довлат Касировдор ыраазычылык билдиришти.

Тема боюнча:

12.10.2017Фото - ӨКМ кыргыз-казак чек арасында кезек күткөндөрдү тамактандырды
13.10.2017Кыргыз-казак чек арасында 70 жаштагы аял киши каза болду
14.10.2017Фото - Кыргыз-казак чек арасындагы абал оор бойдон калууда
18.10.2017Видео, фото - Кыргыз-казак чек арасындагы абал Ысык-Көлдүн багбандарына кандай таасир тийгизүүдө?
18.10.2017Кыргыз-казак чек арасында баңгизат менен Кыргызстандын жараны кармалды
18.10.2017АКИ-TV: Кыргыз-казак чек арасындагы бүгүнкү абал: Чоң унаалардын 7 чакырымга жеткен колоннасы
19.10.2017Кыргыз-казак чек арасында унаалар менен адамдарды өткөрүү тездеди, - Чек ара кызматы
19.10.2017Фото - Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал Токмоктун ишкерлерине кандай таасир берди?
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4165
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×