Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Талас облусуМанас району 23.10.2017 09:20 На русском

Таластагы чек арада 22 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү

Turmush -  Манас районундагы «Чоң-Капка» өткөрмө бекетинде тез жардам пункту ачылгандан бери 22 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу райондук тез жардам кызматынын фельдшери Айдана Арзыбекова билдирди.

Анын айтымында, тез жардам пункту 11-октябрда ачылган. Дарыгерлер көбүнчө кан басымы жогорулаган жана башы ооруган адамдарга көмөк көрсөтүштү. Муктаждарга ысык чай берилип жатат. Алыска каттаган айдоочулардын эс алышы үчүн 6 керебет коюлган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×