Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Талас облусуМанас району 28.10.2017 15:50

Эл ичи — өнөр кенчи: Манастык Улукбек дастанчылык өнөрүн такшалтып, мугалим болуп иштеп жатат (фото)

Turmush -  Манас районунун Арал айылынын 23 жаштагы тургуну Токтоболот уулу Улукбек дастанчылык өнөрүн такшалтып келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Б.Бейшеналиева атындагы искусство университетинин салттуу музыка жана фольклор кафедрасынын дастанчылык бөлүмүн аяктаган.

«2008-жылы мектепке комуз боюнча ийрим ачылып калды. Ошол комуз ийримине катышып, бара-бара музыкага болгон кызыгуум арта баштады. Мага комуз үйрөткөн агайым Самат Көчөрбаевдин демилгеси менен айылдагы, райондогу кароо-сынактарга катышып, алдыңкы орундарды багындырып жүрдүм. Өзүмдөгү өнөрдү мыкты өздөштүрүү үчүн 2012-жылы Б.Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетине тапшырып, ийгиликтүү аяктадым. 2013-жылдан баштап бир топ сынактарга катышып, сыйлыктар менен сыйланып жүрөм.

Мындан тышкары, Бишкек шаарындагы №69 гимназияда темир ооз комуз жана комуз ийримдеринен сабак берем. Учурда «Төкмө келсе төр бошот» долбоорунун катышуучусумун», - деди ал.

Улукбек үй-бүлөдө 9 бир туугандын сегизинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×