Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Талас облусуМанас району 28.10.2017 11:24 Жаңыланды: 01.12.2017 12:53

Эл ичи — өнөр кенчи: Манастык Жанат Алтайга барып окуп, комуз боюнча ийрим ачты (фото)

Turmush -  Манас районунун Арал айылынын тургуну Канат уулу Жанат Россиянын Алтай мамлекеттик искусство академиясынын музыкалык бөлүмүндө окуп, башка студенттерге комуз, ооз комуз, чопо чоор ийримдеринен сабак берип келет. Аймактык кабарчы мекендешибизден кабар алды.

«Мектепте окуп жүргөн кезде эле «Манас» айтып, дастан айтып, байгелүү орундарга ээ болуп жүрчүмүн. Мектепти аяктап, Б.Бейшеналиева атындагы искусство университетинин дастанчылык бөлүмүнө тапшырдым. Ал жактан Самат Көчөрбаев агайымдын шакирти болдум. Окуум ийгиликтүү болуп, Алтайга которулгам. Азыркы учурда 3-курстун студентимин.

Бул жакка келүү оңойго турган жок. 2 ай дегенде аралашып көнүп кеттим. Бул жакта моңгол, казак, кыргыз улутундагы мыкты студенттерден турган топ түздүк. Тобубуз менен концерттерге, чоң сахнага чыгып, бөлөк эл, бөлөк жерде жүрөк жылытарлык сөздөрдү угуп келебиз. Бул мен үчүн эң чоң сыймык жана жетишкендик.

Мындан тышкары аккордеон, балалайкада ойногонду үйрөнүп жатам. Комуз ийримин ачып, бир гана студенттерге эле эмес каалоочуларга да сабак берип келем. Бул жерде жакшы окусаң биздин акча менең 25 миң сом стипендия берилип турат. Буйруса мекениме барып, тажрыйбамды жаштарга бөлүшөм деген максатым чоң», - деди ал.

Жанат үй-бүлөдө 5 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×