Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Талас

Фото - Манаста 4 балалуу жалгыз бой энеге үй курулуп жатат

Turmush -  Манас районунда 4 баласы менен жалгыз калган Клара Тоялиевага үй курулуп жатат. Бул туурасында Манас районунун имамы Миржалал Дадабаев маалымдады.

Анын айтымында, үй орозо учурунда чогулган битир-садаганын эсебинен курулууда. Учурда үйдүн дубалы тургузулуп, чатырын жабууга даярдыктар көрүлүп жатат. Клара Тоялиевага үй куруу үчүн агасы Улан Тоялиев өзүнүн 30 сотых жерин берген. Жалгыз бой энени кышка чейин үйдүн бир бөлмөсүн жылуулап киргизүү пландалып, учурда тиешелүү иштер аткарылып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1259
Көп окулду
×