Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Талас

Жаш ырчы Марзият: Эки кашымдагы окшош тактарды кошунамдын ити белги кылып калтырган (фото)

Turmush -  Музыка — жан дүйнөнүн жана сезимдердин ортомчусу. Ал адамзаттын универсалдуу тили катары бааланат. Учурда Кыргызстанда шоу дүйнөгө жаңыдан кадам таштап, бул тармакты багынтам деген жаштардын саны арбын. Алардын бири — Бишкек шаарынын 20 жаштагы тургуну Марзият Усен. Учурда анын 4 ыры бар. Өзүнүн айтымында, жакында клип тартууга даярданып жатат.

Марзият Усен Талас облусунун Манас районунун Жайылган айылында төрөлүп, ушул жерде өскөн. Аталган айылдагы Покровка орто мектебинин босогосун аттап, ал жерде 9-класска чейин билим алган. Ал 9-10 жашынан бери музыка дүйнөсүнө кызыгып, ырдап келет.

«Музыкалык мектепте “Күз балы” сынагы өтүп жаткан. Классташтарым менен бир ырга даярданып, чогуу ырдадык. Андан кийин фортепьяно менен ырдоо абдан жагып, музыкага болгон кызыгуум арта баштады. Ал жерде сабак берген агай менен таанышып, балдар музыкалык мектебинде билим ала баштадым. Ошол мезгилден баштап ырдоого болгон кызыгуум артып, өзүм ыр жазам. Ага удаа жаш таланттардын кароо-сынактарына катышып, сахнага кадам таштадым.

Менин бала кезимдеги ар бир күнүм кызыктуу өттү. Абдан тентек болгонум үчүн мугалимдерден тил угуп, жада калса милицияга түшкөн күндөрүм болгон. Жүрүм-турумум, кийингеним эркек балдарга окшош эле. Бирок мектепти аяктарда көйнөк, бийик такалуу бут кийимдерди кийип калдым. Буларды уккан адамдар мени жаман көрүшү мүмкүн, бирок мен азыр ал күндөрдү жылмаюу менен эстейм. Азыр таарынтып же катуу сөз айтып алган адамдардан кечирим сурайм», - деди жаш ырчы. 

Марзият алгач ирет ырдаганда өзгөчө сезимдер курчаган.

«Кайра-кайра ырдагым келип, өзүмдү чоң сахнанын ырчысы сезгем. Үйгө келип, түнү менен ырдап чыкканым эсимде. 9-классты аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы эки жылдык студиянын эстрада-вокал бөлүмүндө билим алдым. Музыка – менин жан дүйнөм, жүрөгүм каалаган жана тандаган нерсе. Музыка мен үчүн аягы бүтпөс жомок сыяктуу. Шоу дүйнөгө жаңы кадам таштап жаткандар өзгөчөлүк менен келишет эмеспи. Мендеги өзгөчөлүк ырларымдын жана өзүмдүн стилим десем жаңылышпайм.

Кашымды көпчүлүк атайын тердиртип алган деп ойлошот. Эки кашымдагы окшош тактарды кошунамдын ити белги катары калтырган деп тамашалап калам. Чынында эле кашымдагы тактар иттин кол салуусунан калган. Келечекте өзгөчө ырларым менен шоу дүйнөсүндө ийгиликтерди багындырам деп ишенем. Ата-энем дайыма мага жардам берип, ар тараптан колдоо көрсөтөт. Бул мен үчүн чоң мааниге ээ.

Чыгармачылык менен алектенүү бир топ эмгекти талап кылат. Чыгармачылыктын өзү чоң түйшүк. Ошондуктан тоскоолдуктарга, кыйынчылыктарга чыдап, өзүн гана эмес башкалардын да чыгармачылыгын сыйлаган ырчыларды баалайм. Менин оюмча бул адамдагы эң жакшы сапаттардын бири», - деди ал.

Ырчы үй-бүлөдө 5 бир туугандын төртүнчүсү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2988
Көп окулду
×