Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Талас

Чоң энелеринин өнөрүн улаган Кондури Инесса 12 жашынан тарта түймөчү (фото)

Turmush -  Манас районунун Покровка айылынын 19 жаштагы тургуну Кондури Инесса 12 жашынан бери кол өнөрчүлүк менен алектенет. Анын өнөрү менен аймактык кабарчы таанышты. Учурда ал түймөнүн 4 түрүн билет.

«Мен түймөдө шиш жана ийне колдоном. Бул өнөрдү 12 жашымдан баштап чоң апам үйрөткөн. Учурда Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык факультетинде 3-курста окуйм. Сабактан кийинки убактымда хоббим болгон түймө менен алектенем», - деди жаш талант.

Анын үй-бүлөсүндө энелер кыздарга түймөнү үйрөтүү салтка айланган. Учурда каарманыбыз кагаздан гүлдөрдү жасаганга да жетишип жатат.

«8-мартка карата жасаган гүлдү 500 сомдон баалап алышат. Гүлдөр гофре кагазынан жана салфеткадан жасалат. Келечекте башталгыч класстардын мугалими болгум келет», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 881
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×