Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Талас

Арал айылында манасчы А.Жуманалиевдин 70 жылдык мааракеси белгиленди

Turmush -  Манас районунун Арал айылында манасчы Асанкан Жуманалиевдин 70 жылдык мааракеси белгиленди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Уюштуруучулардын айтымында, манасчы 64 жашында көз жумган. Ал өмүрүнүн акыркы жылдарында Талас облусундагы «Манас Ордо» музей комплексинде манасчылар мектебин жетектеп иштеген.
Манасчы КРнын Эмгек сиңирген артисти, «Билим берүүнүн мыкты кызматкери» наамдары менен сыйланып, жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 744
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×