Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Талас

Видео — Таластагы чек арада кезек күткөн оор жүк ташуучу унаалардын тыгыны 3 км жетти, - айдоочулар

Turmush -  Манас районундагы чек арадагы «Чоң-Капка» өткөрмө бекетинде кезек күтүп турган оор жүк ташуучу унаалардын тыгыны 3 км жетти. Бул тууралуу айдоочулар билдиришти.

Алардын айтымында, араларында 7-8 күндөн бери өтө албай тургандар бар. Күнүнө 100 метрден гана алдыга жылышат. Казакстанга күнүнө 10го жакын гана унаа өтүп жатат.

«Түнү-күнү чатак. Түндө уктабай метрлеп жылабыз. Унааларыбыздын кыймылдаткычтарын тоңдурбастын айласын кылып, солярканы аябайбыз. Жемиш ташып, бир аз соода-сатык кылгандардын абалы кыйындады», - деди алар.

Айдоочулар буга катар эле тамак-аш берилбей, өздөрү сатып алып ичип жатышкандыгын айтышты. Дааратканалар да курулган эмес. Өзгөчө чет элдик айдоочулар жергиликтүү айдоочуларга «шартыңар жок, бул эмне деген мамлекет?» деп даттанып жатышат.

Ал эми ӨКМдин Талас облусундагы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Талант Касиев айдоочуларга күнүнө ысык тамак берилип жаткандыгын айтууда.

«Чоң-Капка» чек арасында 3 чатыр жайгашкан. Биринчиси жылынуу, экинчиси медициналык пункт, үчүнчүсү тамактануу пункту. Чек ара маселеси башталганда эле райондогу ар бир мекеме бөлүшүп, айдоочуларды күнүнө 1 жолу ысык тамак менен камсыз кылуудабыз. Бүгүн дагы чек арада тургандар үчүн деп 10 күндүк тамак-аш, азык-түлүк жөнөттүк», - деди ал.

Буга чейин 9-ноябрда Талас облусунун жетекчисинин милдетин аткаруучу Чолпон Төрөкулов Манас районундагы «Чоң-Капка» өткөрүү пунктунда кезекте турган унаалар азайгандыгын билдирген.

Анын айтымында, учурда адамдар чек арадан өткөн тоскоолдуксуз өтүүдө. Бир суткада 3 миңден ашык адам өтүп жатат. Кыргызстандын чек арасынан эч кандай кечеңдетүү болгон жок. Кезекке турган унаалар азайды. ӨКМ тарабынан тигилген чатырларда тиешелүү кызматтар көрсөтүлүп жатат. Кезек күткөн жарандар үчүн атайын ысык тамак уюштурулган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1890
Көп окулду
×