Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Талас облусуМанас району 22.11.2017 09:14

Эл ичи — өнөр кенчи: Манастык С.Абылкасымова комуз чертип, бир топ өлкөлөрдү кыдырып келди (фото)

Turmush -  Манас районунун 22 жаштагы тургуну Сайкал Абылкасымова комузчулук өнөрү менен дүйнөнүн бир катар мамлекеттерин кыдырып келген. Аймактык кабарчы комузчу кыз менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ата-энеси 6 жашында комуз ийримине берген.

«11 жыл комуз бөлүмүндө окудум. Окуп жүргөндө бир нече сынактарга, фестивалдарга катышып, Дубай, Казакстан, Азербайжан, Түркия, Германия, Россия, Америка жана башка өлкөлөрдө болдум. Мектепти аяктаган соң К.Молдобасанов атындагы улуттук консерваториянын Манас бөлүмүнө тапшырдым. Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал манасчы Назаркул Сейдрахманов устатым. Манасчылыкка аян аркылуу аралашып калдым. Азыркы тапта «Манасты» да, комузду да эриш-аркак алып келе жатам», - деди ал.

Комузчу үй-бүлөдө 7 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×