Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Талас

Жерүйдө курулуучу фабрикага капсула салынды

Turmush -  Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүндө Жерүй кенинде курулуучу фабрикага капсула салуу аземи өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага облус жетекчилиги жана Россиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько, «Русская платина» компаниясынын башкы директору Евгений Воробьев, КРнын өнөр жай энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Азиз Сапаралиев катышты.

Иш-чарада Жерүй кени 2019-жылы март айында ишке кирип, 1 миңге жакын жумушчу ишке тартыла тургандыгы айтылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 723
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×