Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Талас

Айыл турмушу: 35 гектар жерге дыйканчылык кылган А.Малеванный президенттен сыйлык алган (фото)

Turmush -  Манас районун Покровка айылынын 38 жаштагы тургуну Алексей Малеванный 35 гектар жерге дыйканчылык кылат. Дыйкан менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, 18 жылдан бери дыйканчылык менен алектенет. Жыл бою 7 кишини иш менен камсыз кылат. Жыйым-терим учурунда 40 адамды жумушка алат. Дыйканчылыкка керектүү трактор, комбайн, прицеп, жүк ташуучу унаалары бар.

«Өзүм ошол кездеги шартка байланыштуу эч кандай адистик алган эмесмин. Бирок кичинемден айылда дыйканчылык кылып чоңойдук. Өз ишимди 2001-жылы 2 гектарга татуу калемпир эгүүдөн баштагам. Түшүм жакшы болгон. Андан улам дыйканчылыкты кеңейтүү аракетин көрдүм. Азыркы учурда 35 гектар жер иштетебиз. Анын 5 гектары айыл өкмөттүн жери. 30 гектарын ижарага алып иштетем. Ижара акысы катары 175 миң сом төлөйм. 35 гектар жердин 10 гектарына беде, 10 гектарына кызылча, 15 гектарына төө буурчак эгилет», - деди ал.

Дыйкан быйыл өлкө президентинин төш белгиси менен сыйланды. Үй-бүлөдө 2 кыздын атасы.

 

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1974
Көп окулду
×