Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: Манастык А.Акышов 45 миң сомдук эмеректерди жасайт (фото)

Turmush -  Манас районунун Покровка айылынын 34 жаштагы тургуну Анвар Акышов 16 жылдан бери эмерек жасап иштейт. Уста менен аймактык кабарчы таанышты.

Анын айтымында, эмеректердин баардык түрүн жасайт.

«Алгач 2001-жылы атайын 6 айлык ийримге катышып, устачылык чеберчиликти үйрөнүп чыктым. Эң биринчи жасаганым сандык болчу. Бишкек шаарында 5 жыл цехте иштеп, чоң эмеректерди жасаганды үйрөнүп, көп тажрыйба алдым. Андан соң Таласка келип, үй-бүлө курдум. Эмеректердин баардык түрүн жасайм. Көбүнчө ламинаттан жасайм. Керектүү материалдарды Таластан алам. Бир эмеректин орточо баасы 13 миң сом. Эң чоңу 45 миң сом болот. Буйруса цех ачып, жаш балдарды чет жакка чыгарбастан жумуш менен камсыздасам дейм», - деди ал.

Уста жубайы экөө 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 952
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×