Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Талас облусуМанас району 29.11.2017 10:10

Фото — Манаста 4 балалуу жалгыз бой энеге салынып жаткан үйдүн курулушу декабрда аяктайт

Turmush -  Манас районунун Май айыл өкмөтүндө 4 баланын жалгыз бой энеси Клара Тоялиевага 3 бөлмөлүү үй курулуп жатат. Бул тууралуу райондун имамы Миржалал ажы Дадабаев билдирди.

Анын айтымында, июль айында салына баштаган үй бардык шарттары менен курулуп жатат. Курулуш иштерине Май жана Жайылган айыл өкмөтүнүн тургундары тарабынан каржылык колдоо көрсөтүлүп, 350 миң сомго жакын акча чогултулган. Учурда курулуштун 90% аяктап калды. Үй декабрь айында толук бүтүп, ачкычы ээсине тапшырылат.

Клара Тоялиеванын жолдошун мындан 3 жыл мурун Казакстанда иштеп жүргөн убакта белгисиз бирөөлөр өлтүрүп кеткен.

Окуя тууралуу:

Буга чейин октябрь айында Манас районунда 4 баласы менен жалгыз калган Клара Тоялиевага үй курулуп жаткандыгы белгилүү болгон.

Маалым болгондой, үй орозо учурунда чогулган битир-садаганын эсебинен курулуп жаткан. Клара Тоялиевага үй куруу үчүн агасы Улан Тоялиев өзүнүн 30 сотых жерин берген.
Үй жаңыдан салына баштаган учур
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×