Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Талас облусуМанас району 29.11.2017 13:53

Айыл турмушу: Манастык Анарча апа кыздардын 5 сыйра септери даярдалган цех ачты (фото)

Turmush -  Манас районунун 61 жаштагы тургуну Анарча Рыскулова 3 жылдан бери кыздарга сеп тигип келет. Аймактык кабарчы чебер ападан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, жасаган себинин 5 сыйрасы 25 миң сом турат.

«Турмушка чыккандан кийин балдарым менен үйдө болдум. Алгач жөн гана бала-чакама, коңшуларыма кийим-кече тигип берчүмүн. Андан соң такшалып, белдемчи, чыптама тигип өзүм эле үйрөнүп кеттим. Азыр бир контейнер сатып алып, тиккенге 2 машинка алдым. Септерди 5 сыйрага чейин тигебиз. Цехте 2 жардамчым бар. Бир төшөктү 300 сомдон тигебиз. Ал эми 5 сыйрада 5 жууркан, 5 төшөк, 5 жер төшөк болот. Кээ бир кардарлар 7 сыйрадан жасатышат. Бир сыйра сеп 4500 сомдон бааланат. 5 сыйра сеп 25 миң сомдон өйдө кетет», - деди ал.

Анарча Рыскулова 4 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×