Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Талас облусуМанас району 29.11.2017 18:05

Фото — Таластагы чек арада кезекте турган унаалардын тыгыны 2 км ашат

Turmush -  Бүгүн, 29-ноябрда Таластагы лицейдин окуучулары Манас районундагы чек арадагы «Чоң-Капка» өткөрмө бекетинде кезекте турган айдоочуларга ысык чай беришти. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын айтымында, абал мурдагыдай эле бойдон турат. Кезекте турган унаалардын тыгыны Кеңеш айылынан бери 2,5 км ашат. Араларында 7-8 күндөн бери кезекте тургандар бар.

«Биз тургандан бери эле түштө бир маал ысык тамак берилип жатат. Бүгүн Бакай-Ата районунан дагы ысык тамак алып келишти. Күндүн суугуна байланыштуу жылытуучу пункт иштеп жатат. Жарым саат сайын жылынып чыгып жатабыз», - деди айдоочулар.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 17-ноябрда Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына айдоочулар «Чоң-Капка» өткөрмө бекетинде кезек күтүп турган оор жүк ташуучу унаалардын тыгыны 3 км жеткендигин кабарлаган.

Алардын айтымында, күнүнө 100 метрден гана алдыга жылышат. Казакстанга күнүнө 10го жакын гана унаа өтүп жаткан.

«Түнү-күнү чатак. Түндө уктабай метрлеп жылабыз. Унааларыбыздын кыймылдаткычтарын тоңдурбастын айласын кылып, солярканы аябайбыз. Жемиш ташып, бир аз соода-сатык кылгандардын абалы кыйындады», - деген алар.

Айдоочулар буга катар эле тамак-аш берилбей, өздөрү сатып алып ичип жатышкандыгын айтышкан. Дааратканалар да курулган эмес. Өзгөчө чет элдик айдоочулар жергиликтүү айдоочуларга «шартыңар жок, бул эмне деген мамлекет?» деп даттанышкан.

Ал эми, ӨКМдин Талас облусундагы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Талант Касиев айдоочуларга күнүнө ысык тамак берилип жаткандыгын айткан.

«Чоң-Капка» чек арасында 3 чатыр жайгашкан. Биринчиси жылынуу, экинчиси медициналык пункт, үчүнчүсү тамактануу пункту. Чек ара маселеси башталганда эле райондогу ар бир мекеме бөлүшүп, айдоочуларды күнүнө 1 жолу ысык тамак менен камсыз кылуудабыз. Бүгүн дагы чек арада тургандар үчүн деп 10 күндүк тамак-аш, азык-түлүк жөнөттүк», - деген ал.

Талас облусунун жетекчилиги эмне деген?

Буга чейин 9-ноябрда Талас облусунун жетекчисинин милдетин аткаруучу Чолпон Төрөкулов Манас районундагы «Чоң-Капка» өткөрүү пунктунда кезекте турган унаалар азайгандыгын билдирген.

Анын айтымында, учурда адамдар чек арадан өткөн тоскоолдуксуз өтүүдө. Бир суткада 3 миңден ашык адам өтүп жатат. Кыргызстандын чек арасынан эч кандай кечеңдетүү болгон жок. Кезекке турган унаалар азайды. ӨКМ тарабынан тигилген чатырларда тиешелүү кызматтар көрсөтүлүп жатат. Кезек күткөн жарандар үчүн атайын ысык тамак уюштурулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×