Бөлүмдөр
Жума, 21-сентябрь
Талас облусуМанас району 01.12.2017 14:43 Жаңыланды: 17.07.2018 15:41

Айыл турмушу: Манастык М.Сүйналиева жаш балдардын баш кийимдерин токуп сатат (фото)

Turmush -  Манас районунун Жийде айылынын 28 жаштагы тургуну Мээрим Сүйналиева баш кийимдерди токуп сатат. Аймактык кабарчы чебер менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, токуу менен кичинекей кезинен бери алектенет.

«Мурда чеберчиликти атайын үйрөнгөн эмесмин. Өзүбүзгө аз-аздан эле токуп жүрчүмүн. Турмушка чыккандан соң кийимди көп убакыт токубай калдым. Кийин кийим-кечелерди токуп баштадым. Башкалар кызыгып, буйрутма бере башташты. Мурда токуунун аз гана түрүн билсем, азыр интернет булактарынан карап, ар түрлүү кылып токуй алам.

Бир баш кийимди токуу үчүн бир күн кетет. Негизи эле кийимдин өлчөмүнө, көлөмүнө карата убакыт кетет. Буйрутма менен бөбөктөргө кооз, жылуу кийимдерди токутушса, айымдардын баш кийимине буйрутма көп келет. Баалары ар кандай. Мисалы, кичинекей балдардын баш кийими 300 сомдон жогору сатылат. Негизи эле баалары токулуп жаткан кийимге байланыштуу. Буйрутма бергендер чеберчилигиме ыраазы болуп жатышат», - деди ал.

Чебер айым 3 баланын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×