Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Талас облусуМанас району 08.12.2017 15:31

Эгиздер: Гүлназ менен Дилназ бири-биринен «мен улуумун» деп талашат (фото)

Turmush -  Манас районунун Покровка айылындагы 7 жаштагы эгиздер Гүлназ менен Дилназ Кожокуловалар бири-биринен «мен улуумун» деп талашат. Эгиздерден аймактык кабарчы кабар алды.

Кыздардын апасы Алмагүл Масалбекованын айтымында, аларды 39 жашында төрөгөн.

«Мындай жашта эгиз төрөгөн абдан эле оор болду. Төрөт үйүнө барганда жаш келиндерден абдан уялгам. Экөөнүн ортосунда 11 мүнөт убакыт айырма бар. Салмактары 3 кг болгон. Багууда кыйынчылыктар болду. Убакыт учкан куш сыяктуу азыр чоңоюп, ал кыйынчылыктар унутулуп калды. Ойносо да, окуса да дайыма талашып калышат. «Мен улуумун, жок мен улуумун, мени эже дейсиң» дешип таарынышып калышат.

Эгиз болгондуктан кийимдерин дайыма окшош кийип жүрүшөт. Бири-бириникин алмаштырып кийип алышат. Аны биз да билбей калабыз. Азыр бирөөсү чоңураак болгондуктан өлчөмдөрү ар кандай болуп калганына сүйүндүк», - деди ал.

Кыздар азыр 1-класста билим алып жатышат.

«Мен Дилназды жакшы көрөм. Бирок экөөбүз көп урушабыз. Экөөбүзгө алып берген нерселер окшош болбосо таарынабыз. Мектептен бизди эже-сиңди деп ойлошот. Бирибиздин боюбуз узун, бирибиздики кыска. Келечекте дарыгер болгубуз келет», - деди Гүлназ.

Эгиздер үй-бүлөдө 5 бир туугандын эң кенжеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×