Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Талас

Фото — Май айыл өкмөтүнүн эли 4 балалуу жалгыз бой энеге үй салып беришти

Turmush -  Манас районунун Май айыл өкмөтүндө 4 баланын жалгыз бой энеси Клара Тоялиевага 3 бөлмөлүү үй курулуп, ачкычы тапшырылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына райондун имамы Миржалал ажы Дадабаев маалымдады.

Анын айтымында, үйдүн курулушу мындан 5-6 ай мурун башталган. Имараттын ачкычы үй ээси Клара Тоялиевага өткөн аптада тапшырылды. Ага сүйүнгөн жалгыз бой эне үйдүн курулушуна салым кошкондорго ыраазычылык билдирди.

Аталган үйдүн курулушуна жалпы жамаат жана Жайылган айылынын кайрымдуу жарандары колдоо көрсөткөн. Анын пайдубалы орозо айында түшкөн каражатка түптөлгөн болчу. Курулушка жалпы 550 миң сом жумшалды. Ал эми, электр жарыгын райондук электр тармактар ишканасы киргизип берди. Кайрымдуу адамдардын бири 100 миң сом жардам берип, кышкыга көмүр менен да камсыз кылды. 113 миң сом акчаны Жайылган айылынын калкы чогултуп берген.

Уулкан Жанузакова Клара Тоялиевага көмөк көрсөтүү демилгесин көтөрүп чыгып, бул иште аягына чейин чуркап, жардам кылды. Ал жалгыз бой эненин балдарына жөлөк пул берүү маселесин да чечкен.

Окуя тууралуу:

Буга чейин октябрь айында Манас районунда 4 баласы менен жалгыз калган Клара Тоялиевага үй курулуп жаткандыгы белгилүү болгон.

Ал учурда үйдүн дубалы тургузулуп, чатырын жабууга даярдыктар көрүлүп жаткан. Клара Тоялиевага үй куруу үчүн агасы Улан Тоялиев өзүнүн 30 сотых жерин берген. Жалгыз бой энени кышка чейин үйдүн бир бөлмөсүн жылуулап киргизүү пландалып, тиешелүү иштер аткарылып жаткан.

Андан кийин:

Ноябрь айында аталган үйдүн курулуш иштерине Май жана Жайылган айыл өкмөтүнүн тургундары тарабынан каржылык колдоо көрсөтүлүп, 350 миң сомго жакын акча чогултулгандыгы кабарланган. Ал учурда курулуштун 90% аяктап калган болчу.

Клара Тоялиеванын жолдошун мындан 3 жыл мурун Казакстанда иштеп жүргөн убакта белгисиз бирөөлөр өлтүрүп кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1244
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×