Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Талас

Айыл турмушу: Манастык У.Молдобаев козу карын өстүрүп, 1 кг 100 сомдон сатууда (фото)

Turmush -  Манас районунун Бала-Саруу айылынын 45 жаштагы тургуну Умарбек Молдобаев 1 жылдан козу карын өстүрүү менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 1 кг козу карын 100 сомдон сатылат.

«Кичинекей ишкерчилик ачуу дайыма эле оюмда жүрчү. Кудайдын буйругу экен 2016-жылдан баштап козу карын өстүрүп, жакшы эле пайда көрүп жатам. Жумуштун жеңили жок демекчи, ар бир жумуштун өзүнүн кыйынчылыгы болот. Козу карын өстүрүүдө да өзүнүн кыйынчылыктары бар. Биз ага карабастан талыкпай иштегенге аракет кылып жатабыз.

Козу карын өстүрүүчү жайдын аянтчасы 5 квадрат метр. Алар жакшы өсүшү үчүн ар кандай кошулмаларды кошобуз. Козу карындын топурагын жасоо үчүн 5 аралашма керек. Козу карындар отургузулган соң 1 айдан кийин чыга баштайт. Андан кийин 15 градус жылуулукта өстүрөбүз. 1 жумада 2 жолу терилет. Бир тергенде 150 кг козу карын алабыз. Аларды Бишкекке, Таразга экспорттойбуз», - деди ал.

Дыйкан 5 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 920
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×