Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Талас

Айыл турмушу: Шаарбү апа 35 жылдан бери бала бакчаны жетектеп келет (фото)

Turmush -  Манас районуна караштуу Покровка айылынын 68 жаштагы тургуну Абыкеева Шаарбү апа 35 жылдан бери бала бакчаны жетектеп келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Нарын облусунун Кочкор районунда өскөн. 71 жаштагы жолдошу Шакетаев Кожомкул менен баш кошкондоруна 51 жыл болду.

«8-классты бүткөн соң Фрунзедеги республикалык медицина окуу жайын аяктагам. Жолдошум анда техникумда окучу. Экөөбүз бир кечеде таанышып калдык. Сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Ата-энем бир топко чейин каршы болуп жүрүштү. Үйгө барсак эле «биздин кызыбызды өзүбүзгө таштап кет» деп калышчу. Мен келин болуп келгенде болгону 17 жашта элем. Кайын энем жок эле, абысындарым көп жардамдарын беришти. Башыбыздан көп кыйынчылыктар өттү. Ал кыйынчылыктарга баш ийбестен алдыгы умтулдук. Азыр эстесем бирде ыйлагым келет, бирде күлүп калам.

Кийин бөлүнүп жашап калдык. Токтогулда да 5 жылдай иштедик. Келген соң Покровкадагы поликлиникада иштеп калдым. Айылдагылар «догдур келин келе жатат» деп карап калышчу эле (күлүп). 1982-жылы Покровка айылындагы бала бакчага ишке орноштум. 1983-жылдан баштап жетекчи болуп калдым. 1990-жылы 2 кабаттуу имарат курулган. Ал жакка көчүп барып, «эми атын эмне деп коебуз?» деп ойлонуп, ошол маалда улуу кызым төрөп биринчи неберебиздин атын Бакыт коюп калдык. Бала бакчанын атын дагы «Бакыт» деп атадык. Ал кезде жашоо өзү оор болчу. Жолдошум да көп күч берип, дайыма колдоо көрсөтүп турчу. «Бакчада балдар аз, жабабыз» деген учурлар болду. Биз ага болбой жоктон бар кылып, ар кимден жардам сурайбыз. Эл 1 кап картошка, 1 кап ун берет, карызга алабыз. Акыры жаптырбай иштеп калдык. Кудайга шүгүр, азыр бала бакчабызда 34 кызматкер иштеп, 290 бала тарбияланат», - деди ал.

Шаарбү апанын улуу кызы Бишкек шаарында бала бакчанын жетекчиси, экинчи кызы «Учкун» басмаканасынын аткаруучу директору болуп иштейт. Баласы укук коргоо кызматкери болсо, кенже кызы Манас райондук казына башкармалыгынын жетекчиси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1985
Көп окулду
×