Бөлүмдөр
Бейшемби, 21-июнь
Талас

Эгиздер: Чүйлүк Аман менен Эсен Таласта тиш дарыгер болуп иштеп жатышат (фото)

Turmush -  Чүй районунун Кегети айылында төрөлгөн 30 жаштагы эгиздер Аман менен Эсен Жумашевдер азыр Манас районунда тиш дарыгер болуп иштеп жатышат. Эгиздерден аймактык кабарчы кабар алды.

Аман Жумашевдин айтымында, эгизи экөө 1987-жылы 14-апрель күнү төрөлгөн.

«Эсен менден 15 мүнөттөн кийин төрөлгөн. Үй-бүлөдө 3 бир тууганбыз. Бизден кийин карындашыбыз бар. Атабыз аскер кызматкери болгондуктан кызматы боюнча 2002-жылы Талас облусунун Манас районуна көчүп келдик. Ошол жылдан баштап Таласта жашап жатабыз. Мектепте жакшы окучубуз. Эсенге жакпаган сабакка мен кирип, мага жакпаган сабакка Эсен кирип койчу. Дайыма бири-бирибизге жардам берип жүрчүбүз. Эгер бирөө менен урушуп кетсек экөөбүз бириге калчубуз», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле түгөйү экөө тең тиш дарыгери болуп иштей турганын кошумчалады.

«Эсен азыр тиш доктур болуп иштейт. Мен тиш дарылоо боюнча техникмин. Эсен мектептен химия, биология жана башка сабактардан жакшы окуп, олимпиадаларга көп катышып жүрдү. Келечекте тиш доктур болом деп кыялданчу. Мен болсо искусствого жакынмын. Усталыкка да кызыгып, үй эмеректерин жасайм.

Бизди туугандар жана жакын достор айырмалап билишет. Башкалар адаштырып алышат. Биз окшош болсок да, мүнөздөрүбүз ар башка. Эсендин жубайы Талас шаарынан, менин жубайым Покровка айылынан болот. Азыркы учурда жубайым Аида Малабекова экөөбүз 2 баланын ата-энесибиз. Эсен 2 кыз 1 уулдун атасы. Экөөбүз тең ушул Манас районунда элдин тишин дарылап келебиз», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2588
Көп окулду
×