Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Талас

Маймакта Кара-Жыра көмүрү 3500 сомдон сатылууда

Turmush -  Кара-Буура районундагы Маймак эркин экономикалык аймагында Кара-Жыра көмүрү 3500 сомдон сатылууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга «Кара-Жыра» көмүр базасынын жетекчиси Аман Асранкулов билдирди.

Анын айтымында Таласка Кара-Жыра көмүрүнүн түшүп баштаганына 1 жума гана болду.

«Бир айга 30 вагон буйрутма бергенбиз. Жарымы келип түштү. 17 вагону жолдо келе жатат. 1 жылга 7 миң тоннадан ашык көмүр алабыз. Бул көмүрдүн вагондон түшкөнүн эл кезекте туруп алып кетет. Башында 3200 сомдон сатып жаттык. Андан кийин көмүр тартыш учур болду. Ошондо баасы 3500 сом болуп, атайын органдар тарабынан бекитилди. Бизден алып кетип, башка баа менен саткандарды көзөмөлдөөчү органдар бар», - деди ал.

Монополияга каршы күрөшүү агенттигинин бекиткен баасына ылайык, Кара-Жыра көмүрү Манас районунда 5700 сомдон, Кара-Буура районунда - 5800 сомдон, Бакай-Ата районунда - 6100 сомдон, Талас районунда - 6700 сомдон Талас шаарында 6400 сомдон сатылышы керек.

101010

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1003
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×