Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Талас

Жезде: 29 жашында күйөө бала болгон Султан аялы көз жарганда жанында болгонун айтып берди (фото)

Turmush -  Талас районуна караштуу Манас айылынын 31 жаштагы тургуну Жунушалиев Султан Көк-Токой айылына күйөө бала болгон. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, ага кыз узатуу салтынын эрежелерин кайненеси түшүндүрүп берген.

«Мен 24 жаштагы жубайым Абдыжапарова Гүлназ менен жеңелерим аркылуу таанышкам. Биринчи жолу №4 орто мектептин алдынан жолугуп, Таластагы кафелердин биринен чогуу тамактандык. Мен алгач анын чечкиндүүлүк сапатын бааладым. 1 ай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. 2015-жылдын 13-октябрында кыз узатуу салты менен жубайымды алып кеттим. Кайнатам менен кайненем кыз узатуу тоюн тойканадан беришти. Мен бул салтты билбегендиктен кафеге жетерибиз менен эле кирип бардым. Кайненем алдыман чыгып: «Балам, сен азыр кирбейсин, жеңелерин күйөө бала көрдү деп көрүндүк алып киргизишет», - деп түшүндүргөн. Ошондо салтты билбегеним үчүн абдан уялгам. Жубайым Гүлназ экөөбүздүн чогуу түтүн булатканыбызга 2 жыл болду. Үй-бүлөлүк жашоодо дагы көп кызыктуу окуялар болот. Эсте калганынан бирди айта кетейин. Жубайым Бишкек шаарында билим алып, айылдын жашоосун көп билбей калгандыктан, жеңелерине аралаша албай жүрдү. Бир ирет куран окутабыз деп мал сойдук. Койдун ичегисин жубайыма тазалоо үчүн беришиптир. Ал иче карындарды майда-майда кесип, идиш жуугандай жууп салып, баарыбызды күлдүргөн», - дейт ал.

Султан учурда тез жардам кызматында айдоочу болуп иштеп жаткандыгын белгиледи.

«Атам менен апам чет өлкөдө болгондуктан жубайым көз жарганда мен анын жанында болдум. Эгер апам үйдө болгондо келинине колдоо көрсөтүп, жанында болот эле. Төрөт үйүнө алып барып, жанында жүрдүм. Ал мага уул төрөп бергенине абдан кубандым. Төрөттөн кийин ал тыңыгыча 40 күн үй жумуштарын өзүм жасадым. Учурда жубайым Ш.Жуманов атындагы лицейде биология сабагынан мугалим болуп иштейт. Мен тез жардам бөлүмүндө айдоочумун», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7443
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
11:11,   25.04.2018   ( 10 адам окуп жатат)
×