Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Талас облусуМанас району 13.01.2018 13:16 На русском

Манас районундагы 4 балалуу жалгыз бой энеге өкмөт жардам бермек болду

Turmush -  Премьер-министр Сапар Исаков кечээ, 12-январда Манас районунун Үч-Коргон айылында жашаган Асел Бопушеванын үй-бүлөсүнөн кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, аталган үй-бүлө аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн катарына кирет. Ал баланы жалгыз тарбиялоодо. Балдарынын баардыгы мектепте окуйт. Өзүнүн билими жоктугуна байланыштуу эч жерде иштебейт. Өздөрүнө тийиштүү үйү жоктугуна байланыштуу батирди ижарага алууга муктаж.

Сапар Исаков аталган үй-бүлөгө материалдык колдоо көрсөтүп, балдарга белектерин тартуулады. Аны менен катар тийиштүү мамлекеттик органдарга аталган үй-бүлөнүн социалдык маселелерин чечүүдө көмөк берүүсүн тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×