Манас РИИБ Талас облусундагы «Мыкты РИИБ» деп табылды (сүрөт)

Turmush - Манас РИИБ 2018-жылдын жыйынтыгы менен Талас облусундагы «Мыкты РИИБ» деп табылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Талас ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча мыкты кызматкерлер да аныкталып, атайын сыйлыктар менен сыйланды. Алар:
- Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын бөлүмчө башчысы, милициянын майору Каратаев Марлис;
- Кара-Буура РИИБдин жаш өспүрүмдөр иштери боюнча аймактык тескөөчүсү милициянын ага лейтененаты Чотбаева Эсенгүл;
- Талас РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын капитаны Алыбаев Нурдин;
- Бакай-Ата РИИБдин криминалдык милиция кызматынын улук ыйгарым укуктуу опер кызматкери, милициянын капитаны Сатыбеков Нуржигит;
- Бакай-Ата РИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын өкүлү, милициянын ага лейтенанты Арыков Адилет;
- Кара-Буура РИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн улук инспектор нөөмөткери милициянын ага лейтенанты Раманкулов Мирлан;
- Кара-Буура РИИБдин криминалистикалык коштоо тобунун улук инспектору милициянын лейтенанты Жандаралиев Мирлан.
- Талас ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын кайгуул күзөт кызматынын командири милициянын прапорщиги Дубанаев Улан;
- Талас ОИИБдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун өкүл жоокери милициянын старшинасы Шабданбеков Абдылас;
- Талас ОИИБдин ЖКККББнүн жол кайгуул кызматы жана административдик тажрыйба бөлүмчөсүнүн кенже инспектору милициянын кенже сержанты Жаныбеков Айбек.