Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Талас облусуМанас району 29.01.2019 13:41

Кайын эне: Сурмаш апа 43 жашында келиндүү болуп, өзүн эми кемпир болдум го деп ойлогон (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Манас айылынын 68 жаштагы тургуну Жусупова Сурмаш апа 43 жашында келиндүү болуп, өзүн кемпир болдум деп ойлоп калган. Аймактык кабарчы ападан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, учурда кол өнөрчүлүк менен алектенет.

«Биринчи балам Дайырбек менен келиним Лилиянын 4 баласы бар. Экинчи балам Руслан менен келиним Гүлжайна 5 балалуу. Үчүнчү балам Басылбек менен келиним Дилбардын 3 баласы бар. Төртүнчү балам Ырыскелди менен келиним Букен 4 балалуу болушту.

Биринчи келинди алганда мен жаш экенмин. 43 жашымда келиндүү болуптурмун. Ошондо кайын эне болдум, эми кемпир болдум го деп ойлогом (күлүп). Азыр ойлосом 42-43 жаштагылар жапжаш экен да. Ал учурда дүңгүрөтүп үлпөт той деле өткөргөн жокпуз. Бирок чакан той бергенбиз. Ошол учурдагы бир нерсемди айтып мактанып алайын (күлүп). Ал учурда элди сүрөткө тарткан фотоаппарат бар болчу. Ошону өзүм сүйлөшүп алып келип, уул-келиним токойго, Манастын күмбөзүнө барып, сүрөткө түшүп келишкен. Айылдагы бала-чака, коңшулар бүт баары түшүшкөн. Ал сүрөттөр азыркыга чейин сакталуу. Келиним менен балам «апам ошондо эле баарын ойлонгон экен» деп ыраазы болуп жүрүшөт.

Экинчи келиним менен балам өздөрү сарайда 10 жыл мал багып жашашты. 5-6 жыл мал карап жашагандан кийин там алып бердик. Үчүнчү келинимди дагы ошентип сүйлөшүп жүрүп анан алдык. Төртүнчү келинибизди аларда балабыз «келин алып келем» деп калды. Биз «айланайын күн суук, тамды болсо билесиң» дедик. Бирок Букенибизди бир паста алып келип калышты. Билинбей эле айылдагылар келди, ойдо жок жерден. Камданган жокпуз, көшөгө таппай (күлүп). Түнү менен уктабай, нан бышырып даярдандык. Азыр балдарым да бактылуу жашап жатышат», - деди ал.

Сурмаш апа 6 баланын, 12 неберенин, 1 чөбөрөнүн энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×