Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Талас облусуМанас району 01.02.2019 09:15

Жубайлар: Майрамбай ата Кадырбү апа менен таанышып, киного киргизип, 6-күнү үйүнө алып келип баш кошкон (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Манас айылындагы 76 жаштагы Исманов Майрамбай ата менен 69 жаштагы Кабылбекова Кадырбү апа 47 жыл мурун үлпөт той берип баш кошушкан. Аймактык кабарчы алардан кабар алды.

Кадырбү апа: Мен 1949-жылы Талас районунун Кара-Суу айылында төрөлгөм. Биз 1971-жылы баш коштук. Жолдошум менен мектепте иштеп жүргөндө таанышып калгам. Бизди директорубуз тааныштырган.

Майрамбай ата: Мен 1942-жылы Таластын Манас айылында төрөлгөм. Өзүм окууну бүтүп, Түркмөнстандын Ашхабад деген жерине аскерге барып, 3 жыл кызмат өтөп келдим. Андан кийин айдоочулукту окуп, айдоочу болуп иштедим.

Жубайым менен мени мектеп директору тааныштырган. Ал учурда жубайым жаңы жумушка кирип жаткан экен. Мага ушундай кыз бар, жакшы деп мактаганынан таанышып, жактырып алып келгем.

Кадырбү апа: Эң кызыктуусу жолдошум менен жаңы таанышканда байкушум жука байпак кийип алыптыр. Суук бөлмөдө буту үшүсө да чыдап, мени менен сүйлөшүп отура бериптир (күлүп).

Майрамбай ата: Айла жок билгизбейсиң да (күлүп). Сүйлөшүп жүргөндө үчүнчү күнү киного киргиздим. Жолдош баламдын кызы болуп төртөөбүз киргенбиз. Анан алтынчы күнү «үйүңө жеткизебиз» деп үйгө алып жүрө бердик. Мектептен чыкканда «Таласка квартираңа жеткизип коёбуз» деп сүйлөштүк. Досумдун жеңил унаасы менен үйгө алып келип, «мына сенин үйүң» деп түшүрүп койдум (күлүп). Ал учурда жеңил унаа жокко тете болчу.

Кадырбү апа: Анан айылдагы кичинекей чайханада үйлөнүү той өткөрдүк. Ал учурда тойду анда-санда өткөрүшчү. Чакан той болсо да сонун өттү. Мага аппак, чачыктуу жоолук, герман көйнөк алып беришкен. Тойго ошолорду кийип баргам. Жумуштагылардын баары келишти. Ошондой шаан шөөкөт менен үйлөндүк.

Майрамбай ата: Жубайымдын мага жаккан сапаттары — жөнөкөйлүгү, адамгерчиликтүүлүгү, эске тутуусунун күчтүүлүгү.

Кадырбү ата Майрамбай атаны тамашалап: «Мен жумшаганда тил алса эле ошол жагын жакшы көрөм» деп койбойсуңбу (күлүп).

Майрамбай ата: Экөөбүз иштеп, жетелешип пенсияга чыктык. Неберелерге жардам берип, алыбыз жетишинче иштеп жатабыз.

Жубайлар 3 бала, 8 неберенин ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×