Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Талас облусуМанас району 28.02.2019 12:31 На русском

Таласта бир туугандар бири-бирин өлтүрүп коё жаздашкан

Turmush -  Манас райондук соту өзүнүн бир тууганын өлтүрүү үчүн кол салууга айыпталган адамга карата өкүм чыгырды.

Кылмыш иштин фигуранты 1961-жылы туулган Станислав (аты өзгөртүлдү К.С.И.) болчу. Ал Казакстандын Чымкент облусунун тургуну. Бирок Кыргызстандын жараны. Орто билимдүү, бойдок. Мурда соттолгон эмес. Убактылуу эч жерде иштебейт. Ага КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренеси менен айып тагылып, 2018-жылдын 11-декабрынан тарта камакта.

Тергөөнүн маалыматына караганда, Станислав 2018-жылдын 8-декабрында саат 21:40 чамасында үйүндө бир тууганы Юкос менен арак ичкен. Мас болуп калган учурда өз ара чатакташа кеткен. Станислав бир тууганын өлтүрүү үчүн бычакты ала калып, аны моюнга сайып жиберген. Юкос оор жаракаты менен Манас районундагы оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Станислав сотто күнөөсүнүн айрым бөлүктөрүн мойнуна алды. Ошол күнү жумушунан үйүнө барып, эт кууруп жаткан. Анткени ал өзүнүн бөлмөсүндө гана тамактанат. Эт кууруп жатканда Юкос башка бөлмөдө кимдир бирөө менен арак ичип жатканын уккан. Бир аздан кийин үйдөгү бейтааныш адам кетип калган. Юкос болсо сөгүнүп, аны (Станиславды) өлтүрүп саларын айта баштаган. Ал эт кесип жатканда Юкос бөлмөсүнө кирип келип, аны тээп жиберип, муунта баштаган. Станислав кантип бычак менен анын мойнуна сайып жибергенин билбей калган. Ал бир тууганын өлтүрүү үчүн эмес, өзүн коргоо үчүн ушундай кадамга барган. Ал соттон камакка байланышпаган өкүм чыгарууну суранды.

Ал эми Юкостун айтымында, ошол күнү достору менен арак ичкен. Станислав үйгө мас болуп келип, чатак чыгарган. Уруша кетип, андан соң ар кими өз бөлмөлөрүнө кирип кеткен. Станислав өз бөлмөсүндө кыйкырып, аны (Юкосту) өлтүрүп саларын айта баштаган. Ал Станислав эмне болуп жатканын билүү үчүн анын бөлмөсүнө кирген. Ошол учурда Станислав аны моюнга бычак менен сайып жиберген. Ал бир тууганын мыйзам чегинде жазалоону суранды.

Сот 31-январда иштин материалдарын карап чыгып, Станиславды 104-берене (саламаттыкка атайлап оор жаракат келтирүү) менен айыптуу деп таап, 5 жылга эркинен ажыратты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×