Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Талас облусуМанас району 16.04.2019 17:20

Манас районундагы ветеринарларга мотоциклдер тапшырылды

Turmush -  Бүгүн, 16-апрелде Манас районунун 5 айыл өкмөтүндөгү ветеринарларга мотоциклдер берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Манас районунун ветеринар жана фитосанитардык инспекциясынын жетекчиси Марат Туралиев билдирди.

«Биздин 5 айыл өкмөтүбүздө 12 мал доктур бар. Аларга жашоочулардын үйлөрүн кыдырып, малдарын дарылоосу үчүн деп мотоциклдер берилди. Берилген мотоциклдер АРИСтин долбоорунан алынып келди. Ар бир мотоцикл 60 миң 900 сомдон бааланды», - деди ал.

Буга чейин 13-апрелде Талас шаарында ветеринарларга жалпы 73 мотоцикл берилген болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×