Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Талас облусуМанас району 16.04.2019 17:54

Таластагы чек арадан 30 тонна майды мыйзамсыз ташып келе жаткан адам кармалды

Turmush -  Манас районундагы кыргыз-казак чек арасындагы «Чоң-Капка» чек ара бекетинде күйүүчү май мыйзамсыз ташылып бара жатканы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын жараны Казакстандан 30 тонна күйүүчү-майлоочу май (дизель майы) алып өтүүгө аракет кылган. Бирок жүктүн документтеринде башка зат экени жазылган. Жүктүн ээси кармалып, 30 тонна май менен кошо Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×