Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Талас облусуМанас району 26.04.2019 13:22 На русском

Таласта чет өлкөдөн 28 тонна бензинди мыйзамсыз алып келе жаткан адам кармалды

Turmush -  Кечээ, 25-апрелде Манас районунда кыргыз-казак чек арасындагы «Чоң-Капка» чек ара бекетинде мыйзамсыз ташылып келе жаткан 28 тонна күйүүчү-майлоочу май табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, чек арачылар Казакстандан келе жаткан «DAF-95 XF 430» үлгүсүндөгү унааны текшеришкен. Жыйынтыгында жүктүн документтеринде бензанол деп жазылганы менен унаада 28 тонна бензин алынып келе жатканы такталды. Жүктү алып өтүүгө шектелип Кыргызстандын 1978-жылы туулган жараны Э.Ш. кармалып, мунайзат менен кошо Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.

2019-жылдын 5-апрелинен 26-апрелине чейин «Чоң-Капкада» мыйзамсыз ташылып келе жаткан 200 тонна күйүүчү-майлоочу май кармалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×