Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Талас облусуМанас району 29.04.2019 17:25 На русском

Таластагы иш кагаздардагы катачылыктардан улам 1 чиновник иштен бошотулуп, 2 чиновник сөгүш алды

Turmush -  Бүгүн, 29-апрелде Талас облусунда жылдын 1-кварталы боюнча коллегия өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Коллегияда мамлекеттик мекемелерде иш кагаздарынын ката жазылганы боюнча маселе айтылды.

Манас районунун акими Бектеналы Дүйшөбаевдин айтымында, иш кагаздардагы катачылыктардан улам райондук администрациянын уюштуруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Сухраб Жунусбаев 15-апрель күнү кызматтан бошотулду. Ал эми акимдин 1-орун басары Замир Курманалиев, 2-орун басары Гүлнара Садырова жана аппарат жетекчиси сөгүш алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×