Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Талас облусуМанас району 30.04.2019 12:46

Манас районунда окуучулар арасында кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча сынак өттү

Turmush -  Кечээ, 29-апрелде Манас районундагы мектептер арасында балдарга ырайымсыз мамилени, кыз ала качууну алдын алуу боюнча атайын сынак өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Замирбек Маркашов билдирди.

Манас районунун прокурору Жылдызбек Заировдун айтымында, райондук прокуратура, Манас РИИБ, акимчилик тарабынан уюштурулган иш-чарага ар бир айыл өкмөттөн бирден команда катышты. Окуучулар коомдогу жат көрүнүштөрдү сахналаштырып аткарып беришти.

«Биз ар дайым окуучулар арасында кылмыштуулукту, зордук-зомбулукту, суицидди алдын алуу боюнча биргеликте иш алып барабыз. Мындай иш-чара жыл сайын өткөрүлүп, ай сайын окуучулар, алардын ата-энелери менен тыгыз иштешип келебиз. Бүгүнкү уюштурулган сынак мектеп окуучуларына мыкты таасир берди», - деди ал.

Сынакта жеңген командаларга атайын сыйлыктар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×