Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Талас облусуМанас району 01.05.2019 09:46 На русском

Асфальтка мээси чачырап кеткен адам: Сержант А.Байбосунов Бишкектен Таласка көчүп келип иштеп жатат

Turmush -  Манас районундагы Манас айылынын 30 жаштагы тургуну Абдувахит Байбосунов 7 жылдан бери жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 2007-жылы мектепти аяктаган соң Кыргыз агрардык университетинин жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүндө билим алып баштаган. Окууну 2012-жылы аяктап, Бишкек шаарында шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнө жумушка кирген. 2019-жылдын башында Талас шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнө жумушка которулуп келди.

«Учурда кенже тескөөчү болуп иштеп жатам. Өзүм ата-энем, үй-бүлөм менен шаарда жашачубуз. Таласка 1 кызматкер керек дегенде, мен өзүм каалап келдим. Өзүм туулган жерде иштегим келди. Үй-бүлөм дагы колдоп, көчүп келдик.

Бул кызматка келип калышыма өзүмдүн кичине кезимдеги кыялым себеп болгон. 9-классты аяктап жатканда ГАИ кызматкерлерин көрүп, формасын жактырып калгам. Ушул форманы кийип, көчөдө унааларды көзөмөлдөөнү каалачумун. Ал убакта албетте сырттан оңой көрүнөт. Иштеп баштаган соң ар бир жумуштун оор тарабын, жеңилин көрөсүң дегендей. Өзүң сүйүп тандап алган соң бардык тарабына көнөт экенсиң. Суукта тоңуп, бутуңдан сыз өтүп, ооруп каласың. Ооруп калдым деп кетип калбайсың. Жүктөлгөн милдетти так аткаруунун үстүндөсүң. Коркунучтуу унаа кырсыктарды көрөсүң. Сенин колуңда жан берген адамдар болот. Айрыкча кырсыктан улам унаасына кыпчылып чыга албай калганда жардам сураган көздөр эсиңден кетпей калат. Тез жардам келгенче биринчи жардам көрсөткөн учурларым көп болду.

Шаарда иштөө менен аймакта иштөөнүн айырмасы бар. Бишкек шаарында чоң 4 кортеж бар. Ошол кортеждерди өткөрүү керек болот. Шаар ичинде каттам абдан көп болгондуктан жол коопсуздугун камсыздоо кыйыныраак», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле аза бойду титиреткен окуяга күбө болгондугун эскерди.

«Мындан бир нече жыл мурун эң эле кейиштүү эсте калган окуя болду. Туман болгон кезде жолдон бир адамды унаа койдуруп, айдоочусу качып кетиптир. Туманда жолдо урунуп жаткан адамды башка айдоочулар көрбөй, үстүнөн унаасын айдап өтө беришкен экен. Биз барган убакта баягы адамдын мээси асфальтка кошо жармашып калганын көргөнбүз. Ушундай күтүүсүз нерселер болуп калат. Ошол нерселерге психологиялык жактан даяр болуш керек», - деди ал.

Абдувахит Байболсунов жубайы экөө 3 уулдун ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×