Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Талас облусуМанас району 07.05.2019 08:51 На русском

Кыргызстандык алптар: 19 жаштагы Нурболот Калыбеков көп учурда унааларга түшпөй жөө жүрөт (сүрөт)

Turmush -  Манас районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылында чоңойгон 19 жаштагы Нурболот Калыбеков боюнун узундугунан улам унааларга түшкөндө батпай кыйналат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аны менен таанышты.

Анын айтымында, учурда Бишкектеги жогорку окуу жайда билим алып жатат. Келечекте милиция кызматкери болот.

«Менин боюмдун узундугу 195 см. Боюм 7-класста окуп жүргөндө тынымсыз өскөндүгү сезиле баштаган. Себеби өзүм курактуу балдардан бир топ эле узун болуп калгам. Бул куракка чейин эл катарында эле жүрчүмүн. Бирок «великан» болбосом дагы башкалардан бир аз чоңураак экеним билинип турчу. 1-класстын босогосун 6 жашымда аттагам. Башталгыч класста окуп жүргөндө ортодогу партада отурчумун. Улам класс жогорулаган сайын артка карай жыла бердим (күлүп). Мектептен шоктук кылып калганда эжелер «теректей асман тиреген узун боюң турса» деп калышчу. Мен андай сөздөргө маани берип кабатырланбайм. Азыр деле айткандар болот, маани бербейм.

Кээде башка студенттер боюма таң калып, ыңгайсыз суроолорду берип калышат. «Кудай берген бойду кабыл албай каякка барам?» деп жооп кайтарам. Боюмдун узун болушун каалаган эмесмин. Баары карай беришкенин жактырчу эмесмин. Азыр өкүнбөйм. Эргежээл болгондон көрө жакшы деп калам. Өзүмдөй бою узун адамдарды көргөндө туугандарымды көргөндөй кубанып калам. Баары эле мени карай беришсе ыңгайсыз болом. Эгер мен сыяктуу адам жанымда жүрсө жакшы болот. Конокторго барганда «эмне жеп чоңоюп жатасың?» деп көп сурашат. Мен «селитра жеп жүрөм» деп тамашалайм. Боюмдун узундугунан улам адамдарды алыстан жакшы көрөм жана бат эле таанып коём. Жакындап келгенде көп көрө албайм. Элдин арасына кирип кеткенде таба албай калам.

Боюмдун узундугу зыяндан да көп пайда алып келди десем болот. Азыр окуу жайда курама команда менен баскетбол ойнойм. Спорт жаатында ийгиликтерим бар. Айыл жеринде чоңойгондон кийин чарбадагы иштерге аралашып турам. Ошол иштерде менин боюм чоң жардамга келет. Мисалы шатысыз алма терүү, үстөлсүз бийиктиктерге жетүүдө кыйналбайм (күлүп).

Классикалык кийимдерди сатып алууда көйгөй жаралат. Ал эми спорттук кийимдерди жана жинсылардан көйгөй жаралбайт. Анткени алардын чоң өлчөмдөгүлөрүн табууга болот. Кийимдерди Бишкектин базарларынан сатып алам. 10-класстан бери өзүмө 2 өлчөм чоң кийимдерди алчумун. Анткени кийинки жылы тез эле батпай калчу. Азыр 1 өлчөм чоң алам. Бут кийимдин өлчөмү 44. Бут кийимдерим дагы Таластан табылбай, Бишкектен сатып алам.

Көптөр модель болбойсуңбу деп сунушташкан. Бирок ага каалоом жок. Көбүнчө кыз кишилер аралашкан жумуш эмеспи. Учурда салмагым 78 кг. Салмагым боюма туура келбейт. Мурун мындан дагы арык болчумун. Чакан, жеңил унааларга отурганда ыңгайсыздыктар көп жаралат. Кичи автобустун арткы катарына отурганда батпай кыйналам. Ошондуктан көбүнчө туруп алам. Турганда дагы башым унаанын шыбына тийип, эңкейип калам. Көбүнчө аба кирген жерине туштап турам. Кичи автобустарга шашылыш болуп калып эле түшпөсөм, күнүмдүн тең жарымын жөө басуу менен өткөрөм. Жөө баскан ден соолукка дагы пайдалуу. Кинолорго чакыруулар болсо баш тартпастан тартылам», - деди ал.

Нурболот үй-бүлөдө 5 бир туугандын кичүүсү. Үйүндөгүлөрдүн бардыгынын бою узун.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×