Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Талас облусуМанас району 19.05.2019 12:19 На русском

«Ырымдап калалы деп…»: Үч жолу катары менен эгиз төрөгөн Мария апа

Turmush -  Талас облусунун Манас районуна караштуу Ак-Сай айылынын 65 жаштагы тургуну Мария Касымалиева 3 жолу катары менен эгиздерди төрөп, учурда абышкасы экөө бактылуу карылыкты өткөрүүдө. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Мария Касымалиева 1954-жылы төрөлгөн. Ал алгач уулдуу болгон. Кийин баатыр энелердин катарын толуктаган.

"Кудайым үч жолу катары эгиздерди берип, уулу баламды жалгызсыраткан жок. Алгач бир уулдуу болгонбуз. Кийин 1976-жылы бир уул, бир кыз (эгиздер), 1979-жылы бир уул, бир кыз (эгиздер), 1986-жылы эки эгиз кыздуу болгонбуз. Азыр алардын баары очор-бачар, бала-чакалуу болуп калышкан. Улуу эгиздердин аттарын Нуржан жана Нуркан деп чоң апасы койгон. Экинчи эгиздердин аттарын Нурлан жана Гүлжан, үчүнчү эгиздердин аттарын Нурзат жана Гүлзат деп атасы койгон.

Алтоонун мүнөздөрү алты башкача, бирине-бири көп окшошпойт. Ар кимиси өз түгөйлөрүнө жан тартып турушат. Азыр дагы түгөйлөрүнөн биринчи кабар алып турушат ( күлүп). Биринчи эгиздерим жогорку окуу жайда окуган жок. Ал учурда балдарыбыздын баары кичирээк болчу. Экинчи эгиздердин бири Социалдык өнүктүрүү жана ишкерлик институтунун менеджердик бөлүмүн аяктаган. Түгөйү Гүлжан Талас районуна караштуу Чат-Базар айылындагы А.Оторбаев атындагы орто мектебинде мугалим болуп эмгектенет. Анын 5 баласы бар”, - деди бактылуу эне.

Учурда Мария Касымалиева абышкасы экөө экинчи эгиздин түгөйү Нурлан уулунун төрүндө. Анын 3 баласы бар.

“Кийинки эгиз кызымдын бирөөсү үйүнөн кол өнөрчүлүк кылат, колу жөндөмдүү. 4 баласы бар. Эгиз кыздарым эсеп-кысап адистигин аякташкан. Кичинесинен мектепке барганга чейин эркек-кыз дебей окшош кийинишчү. Ал эми эгиз кыздарым болсо турмушка чыкканга чейин окшош кийинишип жүрүштү.

Экинчи эгиздин түгөйү уулумдун сабактарын кызым (түгөйү) даярдачу эле. "Эртеңки сабактарымды карап сумкама салып койчу" деп түгөйүнө даярдатып, ага аябай таянат эле. Ал балам болсо кызымдын (түгөйүнүн) сумкасын мектепке көтөрүп барып, кайра көтөрүп келчү. Мектептен дагы кызым балам үчүн жазчу экен. Эжелерден ошондой дооматтар түшчү (күлүп) . "Эмне үчүн бир үйдө жашап, бир казандан тамак ичип туруп, бириң жакшы, бириң начар окуйсуң" десе дагы, балам “мен үчүн Гүлжан жооп берет” деп отура берчү экен (күлүп).

Үч жолу катары менен эгиздер болот деп күткөн эмесмин. Биринчи эгиздерди эгиз болорун билген эмесмин. Кийинкилерин эгиз болорун билгем. Менин чоң апам үч жолу катары менен эгиз төрөгөн киши болгон. Атам жалгыз, андан кийинкилер эгиздер”, - деди ал.

Мария Касымалиеванын айтымында, ага экинчи эгиздер жакын.

“Алар аябай окшош. Эгиз кыздарым эгиз жигиттерге турмушка чыгабыз деп тамашалап калышчу, бирок чыккан жок. Мектеп курактарында бирине-бири көп жардам беришчү. Экөө жасай турган жумушту бирөөсү жасап, экинчисин жолугушууга чыгарып жашырып койчу. Ошентип турмуш куруп, жакшы жашап келишет. Эгиздеримдин баарысы менен сыймыктанам.

Кечээ ооруканага барсам, бир келин жолдошу менен жаңы төрөлгөн эгиз балдарын кармап турушкан экен. Элдер аябай кызыгышып жатышканынан "мындай кездеринде кишиге көрсөтпөй карап багыш керек" деп калсам, ошол жерде турган бирөө "апа, сиз көптү төрөгөнсүзго, билет экенсиз" деп калды. Мен "ооба, үч жолу катары менен эгиз төрөгөм" десем баары тегеректеп калышты. Тигил жаш жубайлар ырымдап калалы деп колумдан кармап коюшат.

Эгиздерди багууда кыйын болду. Бир учурда ыйлап, бир учурда уктап, чогуу ооруп калышат. Тамакты дагы бир учурда бериш керек болот. Жолдошум айдоочу болуп эмгектенди. Ошентип түн уйкулардан калып багып чоңойттук.

Балдарымдан эгиздер төрөлгөн жок, неберелериме өтөт болуш керек. Алардан үмүтүм бар.

Эгиздер төрөлгөндө доктурлар үйгө келип карап, текшерип турушчу. Аларга рахмат, чоң жардам беришти. Башка эч кимден жардам болгон эмес”, - деди ал.

Мария апанын учурда 23 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×