Бөлүмдөр
Ишемби, 7-декабрь
Талас облусуМанас району 24.05.2019 17:43

Өз өлкөсүнөн чыгууга тыюу салынган чет элдик адам Таластан кармалды

Turmush -  Кечээ, 23-майда Манас районунда кыргыз-казак чек арасындагы «Чоң-Капка» чек ара бекетинен өзбекстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Өзбекстандын 1980-жылы туулган жараны Ш.Ш. кармалды. Кармалган адам чек арадан мыйзамсыз түрдө өтүүгө аракет кылган. Ал паспортун көрсөткөн учурда документте жасалма штамп коюлгандыгы байкалган. Текшерүү учурунда ага Өзбекстандын аймагынан чыгууга тыюу салынгандыгы такталды.

Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган адам УКМКнын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×