Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Талас облусуМанас району 03.10.2019 10:08

Айыл турмушу: Таластык жубайлар 12 сотых жерге малина өстүрүп, үй-бүлөлүк бизнес башташты (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Көк-Токой айылынын 40 жаштагы тургуну Кенже Жумалиева жолдошу Нурлис Кенжебев экөө 5 жылдан бери малина өстүрүп, жылына 300 миң сомго чейин киреше табууда. Аймактык кабарчы алардан кабар алды.

Кенже айымдын айтымында, Кара-Буура районуна караштуу Чолпонбай айылында төрөлгөн. Кийин Көк-Токой айылына келин болуп келген.

«Малинаны өз учурунда жакшылап, эринбей карасаң жакшы түшүм берет. Биз мурда малина өстүрө электе 1 кг 180 сомдон 200 сомго чейин алчу элек. Ошондон кийин ойлонуп, жакшы түшүм берчү сортторунан издеп, 4-5 жыл мурун 10 сотых жерге Чүйдөн малина алып келип тиккенбиз. Биринчи жылы өсүп, 20 кг жакын түшүм берди. Көчөт саткан адамдар түшүнүктүү, жакшы адамдар экен. Бизге малинаны кантип караш керектигин ийне-жибине чейин түшүндүрүп айтып беришти. Жолдошум өзү аябай мээнеткеч адам. 10 миң сомго көчөттөрүн алып келгенбиз. Акчага унаа жалдап, тоодон кык алып келип, малинанын түптөрүнө төктүк. Кийинки жылы бир аздан селитра бердик. Ошону менен малина тегиз өсүп чыкты. Малина өсүп кеткенче отоо чөптөрүн отоп турдук.

Негизи малинанын ар кандай сорттору болот экен. Жолдошум экөөбүз аларды жакшы карап, кылдаттык менен тандадык. Биз алган малинанын сортту чоң, эзилбейт, даамы да абдан таттуу. Жайында коңшу-колоңдор тиккен малиналардан канча түшүм алары билинип калат. Азыр болсо алар «силерден көчөт алып тигеличи» деп айтканын угуп жатабыз. Малинанын бир териминен кийинки терими 3 күндө бышып калат. Алгач 50 кг берет. Дагы 3 күн эс алгандан кийин 70 кг берип, ушинтип көбөйүп баштайт. Ошентип жатып 250 кг чейин терип калабыз. Андан кийин бир аз азайып баштайт.

Малина сууну жакшы көргөн өсүмдүк. Кээде жалбырагы саргайып баштаса базардан витамин алып келип беребиз. Биз талаада деле иштейбиз. Ал жакта 2 гектар жерге караганда ушул 10 сотых жердеги малинабыздан 2 эсе көп киреше табабыз. Бир гана жаман жагы — адам чарчап калат. Кол кабыш кылчу кишилер болбосо жетишпей калабыз. Малинага көптөр майда жумуш деп иштегиси келбейт.

Негизи жакшы түшүм болбой жатат дегендер күзүндө малиналар кыркылганда түбүнө кык чачышы керек. Же болбосо селитра, гүлдөп калган учурда калий берүү керек. Андан кийин мөмө түйгөн учурда витаминдерди берип койсо жакшы. Биз көбүнчө кык беребиз. Учурда 12-13 сотых аянтта малинабыз бар. Быйыл майда чыгашалардан тышкары малинадан түшкөн 250 миң сомго жеңил унаа алдык. Түшүмдүн 1 кг 120-140 сомдон сатылып, 300 миң сомдой киреше болду. Малина өстүрүүдө жолдошумдун да мээнети чоң болду. Ал өзү багбанчылык менен алектенген киши. Мен дагы эркек кишинин колу жок иштете албайт болчумун», - деди ал.

Жубайлар 3 уул, 1 кыздын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×