Бөлүмдөр
Жекшемби, 8-декабрь
Талас облусуМанас району 14.11.2019 10:02

Таластагы чек арада миллондогон сомдук мыйзамсыз жүктөрдү ташып келе жаткан адамдар кармалды

Turmush -  Манас районундагы «Чоң-Капка» чек ара бекетинде мыйзамсыз ташылып келе жаткан дизель май аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, чек арачылар көмүр жүктөп келе жаткан унаанын текшеришкен. Текшерүү учурунда унаанын бортундагы көмүрдүн астынан 1370 литр дизель майы, жалпы баасы 1582391,07 сомдук 2267 даана бөлмө эшиктери табылды. Ага катар эле 15,2 тонна жана 10,1 тонна үй буюмдары деп көрсөтүлгөн күмөндүү жүк алып бара жаткан 2 унаа кармалган.

Ошол эле посттон «П» ЖЧКсынын жүк алуучулары үчүн тактай материалдар менен келе жаткан 12 унаа кармалган. Ал эми айдоочуларда ташылып келинген жүктүн эсеп фактурасы болгон эмес. Ошол эле жерден ар бири 27 тонна улпак алып келе жаткан 2 унаа жана баасы 31042 долларлык 545 даана тиричилик жылыткычтарын алып келе жаткан унаа кармалды. Бардык айдоочулардын салык органдарынан эч кандай маалымкат болгон эмес. Бул фактылар боюнча материалдар Эконоимкалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×