Бөлүмдөр
Бейшемби, 2-июль

«Сиз мага жагасыз, сизди жакшы көрөм»: Окуучу бала менен мугалим, апасы билбей калган «сыр» (сүрөт)

Turmush -  Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылынын 32 жаштагы тургуну Гүлмира Жумабаева мугалимдик кесипти аркалап келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, балдарга англис тили сабагын окутат.

«2011-жылы Талас мамлекеттик университетинен англис тилчи мугалим кесибине ээ болгом. Ардактуу кесипти тандоом жөн жеринен болгон эмес. Себеби мотурайган балдар менен сүйлөшүп, аларга бир нерсе үйрөтүп мугалим болгум келе берчү. Анын үстүндө мен ушул эжелердей болуп, мектепке барып-келип, окуучуларга тил үйрөтсөм деп үлгү алган эжекелерим бар болчу. Орто мектепти аяктап, Кыргыз улуттук университетинде мугалим болуп иштеп жүрүп, турмушка чыктым. Шартка байланыштуу айылга келгенбиз. Алгач эле өзүм билим алган М.Рахманбердиев атындагы орто мектебинде иштеп, жогорку класстын окуучуларына англис тил сабагын окуткан мугалим болдум. Ортодон соцпедагог болуп жүрдүм. Окуучулар менен иштөө чоң жоопкерчиликти талап кылат. Эртеңки жаңы темам көргөзмөлүү болуп, андан жакшы түшүнүк алышсын деп куралдарды даярдап жатып, чыгармачылыкка сүңгүп, сүрөтчү дагы болуп жүрдүм.

Балдар эсте калган учурларды көп жаратышат. 3-4 жыл мурун эрте жазда бир окуучу балам күнүгө гүл алып келип берчү болду. Башында анын гүлдөрүнө кубанып алып жүрдүм. Бир күнү гүлдөрдү каяктан үзүп алып келип жатканын сурадым. Араң жооп берди. Көрсө ал ар кимдин бакчасындагы жаңы өсүп келе жаткан гүлдөрүн үзүп келип, мага берчү экен. Анан калса кечинде гүл ала турган жерин пландап койчу экен (күлүп).

Башталгыч класстарга сабак өтүп калдым. Бир окуучу кызым таттууларын мага берип жатпайбы. Мен аны столго коюп коюп, сабагымды улай бердим. Баягы кыз улам эле таттууларын карайт. Мен аларды алып, өзүнө берип койсом. Ал, «Рахмат, өзүм жебей көтөрүп келгем. Бирок сизди дагы аябай жакшы көрөм» деп жеп коюп жатпайбы (күлүп).

Бир окуучу балам апасынын моюн орогучун мага алып келип, мени күлдүргөнү эсимде. Көрсө ал бала апасына айтпаптыр. Мага келип, «сиз мага жагасыз, сизди жакшы көрөм» деп берген.

Бир күнү окуучуларым сүйлөө кебин өстүрүү максатында кыска диалог түзүп, окуп жатышкан. Бир убакта бир кызым ыйлап жатат. Көрсө башка кыз ыйлатыптыр. Ыйлаган кыз диалогдо «hi, my deer friend» (салам, урматтуу менин досум) деп жазып, жанындагы кызга көрсөтүптүр. Экинчи кыз дагы жазууну көрүп, ачуулана «сага дагы салам, менин досум элик» деп жооп жазып берип, аны ыйлатып коюптур. «Dear» (урматтуу) деп жазам деп, окулушу окшош болгондуктан шашып «deer» (элик) деп жазып алыптыр (күлүп).

Балдардын фантазиялары дагы күч. Алар үчүн сынактарды байма-бай уюштуруп келем», - деди ал.

Мугалим айым 1 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×