Бөлүмдөр
Бейшемби, 2-июль

Таласта 3 милиционерден жана тергөөдөн өтүп жаткан адамдан вирус аныкталды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 29-июнга карата Таласта 9 адамдан вирус аныкталды. Бул тууралуу Талас облустук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Чолпон Сагындыкова билдирди.

«Облус аймагында бүгүн, 29-июнь күнү 9 учур катталды. Анын 2 учуру Талас шаарынан, 4 учуру Талас районунан, 1 учуру Бакай-Ата районунан, 1 учур Манас районунан, 1 учуру Кара-Буура районунан. Булардын ичинен Талас облустук ооруканасынын кардиология бөлүмүндө жаткан 3 бейтаптан, Бакай-Ата районунан 1 медайымдан илдет аныкталды. Ички иштер бөлүмүнүн 3 кызматкеринен да вирус чыкты. Алардын экөө обсервацияны кайтарган. Үчүнчүсү тергөөдөн өтүп жаткан адамды кайтарып жүргөн. Соттолгон адамдан дагы вирус чыкты. Калган 2 адам мурун вирус аныкталган бейтаптар менен байланышта болгондор», - деди ал.

Кийинчерээк соттолгон адам ооруканада кардиология бөлүмүндө дарыланып жаткандыгын кошумчалашты.

- - - - - - - - - - - -

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 29-июнга карата Кыргызстанда дагы 269 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталганын билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 5017 адамга жетти. Акыркы суткада 52 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылган. Айыккандардын жалпы саны 2294 адамды түздү.

Жаңы катталган бейтаптар:

- Бишкек шаарында 138 адам;

- Чүй облусунда 43 адам;

- Ош облусунда 6 адам;

- Ош шаарында 23 адам;

- Жалал-Абад облусунда 26 адам;

- Баткен облусунда 4 адам;

- Нарын облусунда 4 адам;

- Ысык-Көл облусунда 16 адам;

- Талас облусунда 9 адам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Коронавирус Кыргызстанда
Жайылуу картасы
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×